29.11.2018 09:40
Сингапур Өзбекстанда 2,5 млрд долларга «акылдуу шаар» курат
Сингапурдук компания Ташкент облусунда 2,5 миллиард долларга «акылдуу шаар» курууну пландоодо.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, курулуш тууралуу меморандумга Сингапурдун Universal Success Enterprises компаниясы менен Өзбекстан мамлекеттик инвестициялык комитети кол койгон.
Долбоор 2021-жылдын аягында бүтөт деп пландалууда.
Universal Success Enterprises компаниясы «акылдуу» жана индустриалдык шаарларды куруу боюнча ири тажрыйбага ээ экенин айтылууда. Компания Индияда 152 гектар жерде Kolkata West International City жана 400 гектар жерде Dholera Special Investment Region шаарчасын курган.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: